12:54
USD 86.45
EUR 92.47
RUB 1.00

Тажикстандан электр зымдарын ташып келе жаткан жаран кармалды

Тажикстандан электр зымдарын  ташып келе жаткан жаран кармалды. Бул тууралуу УКМК кабарлады.

Алардын билдирүүсүндө, электр зымдарынын жалпы баасы 500 миң сомдон ашык.

Жаран Тажикстандан чыгарылган электр зымдарды  Лейлек району аркылуу ташып өтүүгө аракеттенген. 

Жүргүзүлгөн иштердин жыйынтыгы менен жогорудагы жарандын мыйзамсыз иш-аракеттери документтештирилип, унаасы жана жүктөрү унаа токтотуучу жайга, сактоого коюлду.
Бул факты боюнча ыкчам-издөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Эң көп окулган жаңылыктар