23:43
USD 88.81
EUR 95.39
RUB 0.96

Дары-дармекти көзөмөлдөө системасы ишке киргизилет

Кыргызстанда 4-марттан баштап дары-дармектерди көзөмөлдөө системасы ишке киргизилет. Бул тууралуу  маалымат жыйынында Дары-дармек жана медициналык буюмдар департаментинин директору Айнура Абалиева билдирди.

Анын айтымында, Саламаттык сактоо министрлиги өлкөдө дары-дармек каражаттарынын коопсуздугун жана натыйжалуулугун камсыз кылуучу үчүн көзөмөлдөө системасын ишке киргизди.

«2023-жылдын 9-февралында министрлер кабинети өлкөдө дары каражаттарын көзөмөлдөө системасын киргизүү жөнүндө токтомго кол койду. Бул система Кыргызстанда дары-дармектердин коопсуздугун жана сапатын камсыз кылуунун маанилүү куралы болуп калат. Дары-дармекти көзөмөлдөө системасы дары-дармекти өндүрүүдөн баштап жайылтууга чейинки жашоо циклинин бардык этаптарында орнотулат. Ал дарылардын сапатын көзөмөлдөөнү жакшыртууга, ошондой эле бейтаптардын укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоого жардам берет», — дейт ал.

Эң көп окулган жаңылыктар