20:47
USD 87.00
EUR 90.59
RUB 0.86

Кыргызстан зордук жана ыдык көрсөтүүлөрдү жоюу жөнүндө конфенцияны ратификациял

Эмгек министрлиги «Эл аралык эмгек уюмунун Эмгек чөйрөсүндө зордук жана ыдык көрсөтүүлөрдү жоюу жөнүндө № 190 Конвенциясын ратификациялоо жөнүндө» мыйзам долбоорун коомдук талкууга алып чыкты. Документ Koomtalkuu.gov.kg порталында жайгаштырылды.

Мыйзам долбоорунун негиздемесинде эмгек тармагында зомбулук жана асылуу жүрүм-турумдун кабыл алынгыс формалары экени белгиленген.

Бул мыйзам долбоорун кабыл алуу — жумушчуларды, өзгөчө аялдарды коргоого түртү берери айылат.

Документ эмгек ишмердүүлүгүнүн бардык тармагында, анын ичинде жеке мекеме-ишканалардын кызматкелерине карата да колдонулат.

Конвенцияда заманбап дүйнөдө, өзгөчө пандемия маалында аралыктан иштөө мүмкүн экени да камтылган.

2019-жылы Эл аралык эмгек уюму зордук-зомбулукту, куугунтуктоону жана асылууну жоюу боюнча конвенция кабыл алган.

Эң көп окулган жаңылыктар