08:09
USD 87.45
EUR 97.93
RUB 1.09

Депутат президенттин кортежи жолдо тыгын жаратып жатканына даттанды

Бүгүн Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Тазабек Икрамов Бишкек шаарындагы жол тыгын маселесин көтөрдү.

Ал күнүнө эртең менен жана кечинде жолдо тыгын болуп жатканын белгиледи.

«Бул суроо чечилсе жакшы болмок. Кортеж элдер жумушка жөнөгөнчө өтүп, кечине 20.00дөн кийин кайтса. Өйдөдө олтургандар жолду тоспой эле өтө беришсин», — деди ал.

Белгилей кетсек, Бишкекте күнүнө президенттин кортежи үчүн Манас проспекти тосулат.

Эң көп окулган жаңылыктар