Кыргызстанда 1800-2000 бала бакча жетишпейт. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин жыйынында Гүлшаркан Култаева билдирди.
Депутат өткөн жылы Мамлекеттик курулуш кызматы 11 бакча курганын белгиледи. Кайтарылган бала бакчалардын 14ү капиталдык оңдоого муктаж болсо, 8и авариялык абалда.
Жыйында дагы 231 объект кайтарылышы керектиги айтылды. Анын көпчүлүгү Чүй облусунда жайгашкан.