09:09
USD 86.45
EUR 92.47
RUB 1.00

Таалайбек Ибраев: электр жарыгы план менен өчүрүлүүдө

Бүгүн Жогорку Кеңештин жыйынында энертегика министри Таалайбек Ибраев электр жарыгы график менен өчүрүлүп жатканын моюнга алды.

Анын айтымында, электр жабдууларын сактоо үчүн күнүгө 1-1,5 саат өчүрүп туруу керек.

«Өткөн жылга салыштырмалуу электр жарыгын керектөө 20 миллион 500 миң киловатт-саатка жетти. Биз жабдууларды сактап калалы деп жатабыз. Бир 110 мегавольттук трансформатор 700-800 миң доллар турат. Эгер «Ала-Арча» көмөк чордону күйүп кетсе, Бишкек жарыксыз калат. Электр жарыгы бүтүндөй Борбор Азияда өчүшү мүмкүн», — дейт ал.

Депутат Сүйүнбек Өмүрзаков энергетиктер аймактарда светти 5-6 сааттан өчүрүп жатканын айтышты.

Эң көп окулган жаңылыктар