15:56
USD 88.81
EUR 95.39
RUB 0.96

Киев облусунда тик учак кулап, 16 киши каза болду

18-январда Киев облусунун Бровары шаарында тик учак бала бакчанын жанына кулап, 16 киши каза болду. Алардын үчөө бакчанын тарбиялануучулары.

Маалыматка караганда, тик учактагы тогуз кишинин баары, анын ичинде Украинанын ички иштер министри Денис Монастырский, анын биринчи орун басары Евгений Енин жана мекеменин статс-катчысы Юрий Лубкович мерт болду. 

Кырсыктан жараат алган 30 кишинин арасында бала бакчанын 12 тарбиялануучусу бар.

Киев облусунун администрациясынын башчысы Алексей Кулеба тик учак балдар бакчасы менен эл жашаган үйдүн ортосуна түшкөнүн айтты. Бакчадагы балдар менен тарбиячылар эвакуацияланды. 

 
 
Эң көп окулган жаңылыктар