19:58
USD 86.45
EUR 92.47
RUB 1.00

Майлуу-Суу шаарында балатыны өрттөгөн аял кармалды

Майлуу-Суу шаарында балатыны өрттөгөн аял кармалды. Бул тууралуу 24.kg Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгынан билдиришти.

«Бирөөнүн мүлкүнө зыян келтирүү, же жок кылуу» беренеси менен иш козголду.

Милициянын маалыматында, кылмышка шектелип 34 жаштагы аял кармалды. Ал айыбын мойнуна алды.

«Ал Жаңы жылды майрамдоого каршы. Элдердин балатынын алдында сүрөткө түшүшүн каалабай өрттөгөн. Тергөө жүрүп жатат», — дейт ал.

Эң көп окулган жаңылыктар