22:40
USD 89.42
EUR 96.93
RUB 0.98

Конституциянын бузулушу боюнча парламенттик комиссия түзүлдү

Жогорку Кеңешинин жыйынында конституциялык мыйзамдарынын, адамдын жана жарандын укуктарынын, эркиндиктеринин кепилдиктери одоно түрдө бузулушу боюнча депутаттык комиссия түзүү маселеси каралды.

Аталган сунушту «Бүтүн Кыргызстан» парламенттик фракциясы демилгелеген.

Жыйынтыгында комиссияга Гуля Кожокулова («Бүтүн Кыргызстан»), Чыңгыз Ажибаев («Элдик»), Айбек Осмонов («Мекенчил»), Динара Ашимова («Ыйман Нуру»), Шайлообек Атазов («Ата-Журт Кыргызстан»), Жылдыз Таалайбек кызы («Ишеним»), Чыңгыз Айдарбеков («Альянс») кирди.

Эң көп окулган жаңылыктар