07:51
USD 88.81
EUR 95.39
RUB 0.96

Кыргызстан менен Өзбекстанда «Док-1 Макс» дарысын сатууга тыюу салынды

Кыргызстандын Саламаттык сактоо министрлигинин Дары-дармек жана медициналык техника департменти Өзбекстандагы окуядан улам «Док-1 Макс» дарысын сатууга тыюу салынганын билдирди.

Департамент «Док-1 Макс» Кыргызстанга 2018-жылы ташылып келе баштаганын, акыркы ирет 2021-жылы киргенин билдирди.

«Түзүлгөн кырдаалды эске алуу менен 2022-жылдын 23-декабрынан тартып Кыргыз Республикасынын аймагында сатууну убактылуу токтотуу чечими кабыл алынды. Үлгүлөр лабораториялык анализ жүргүзүү үчүн Борбордук текшерүү-аналитикалык лабораторияга жөнөтүлдү», — деп айтылат маалыматта.

Медициналык мекеме бул дарыны колдонгондор терс таасирлери байкалган учурда департаментке кайрылышы керектигин эскертти.

Бул арада Самаркандда Саламаттык сактоо министрлигинин жумушчу тобу «Док-1 Макс» деген индиялык дарынын терс таасиринен улам ооруканага түшкөнү айтылып жаткан бейтаптардын абалын текшерүүдө. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы кабарлады.

Буга чейин соцтармактарда акыркы эки айдын ичинде аталган дары 20дан ашык балага терс таасирин тийгизип, алардын 15и каза болгону жөнүндө маалымат тараган.

Самарканд облусундагы Балдардын көп профилдүү медициналык борборунун башкы дарыгери Д.Азизов облустук саламаттык сактоо башкармалыгынын жетекчисине жөнөткөн катында 15-декабрда «Док-1 Макс» дарысын ичкен 21 балада «бөйрөктүн бузулушунун, бөйрөк жетишсиздигинин» белгилери пайда болгонун жазган.

«Алардын 17синин абалы өтө оор болчу, мындан улам гемодиализдин бир нече сеансын жасоого туура келген. 15 бала каза болду. Бул дарыны балдарга берүүгө тыюу салуу тууралуу буйрук чыгарууңузду өтүнөм», — деп жазган Азизов.

Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматына караганда, бул окуядан кийин Фармацевтикалык тармакты өнүктүрүү агенттиги абалды өз көзөмөлүнө алды. Министрлик Самарканддын дарыканаларынан сатылып алынган «Док-1 Макс» дарыларын экспертизадан өткөрүүдө. 22-декабрдан тарта Өзбекстанда ал препаратты сатуу убактылуу токтотулду.

Эң көп окулган жаңылыктар