Орусияда 73 миң кыргызстандык мыйзамсыз миграцияда жүрөт. Бул тууралуу социалдык камсыздоо жана миграция министри Кудайберген Базарбаев кереге кеңеште билдирди.
Анын маалыматында, кыргыз мигранттарынын жалпы саны 651 миңге жетет.
«Мен Орусиянын ички иштер министри Владимир Колокольцев менен жолугуштум. Жаңы жылга чейин мыйзамсыз жүргөн мигранттарга каттоого турууга мүмкүнчүлүк берүү чечими кабыл алынды. Каттоого тургандарга айып пул салынбайт жана өлкөдөн чыгарылбайт», — деди ал.
Кудайберген Базарбаевдин маалыматында, дүйнөдө 1 миллион кыргыз мигранты бар. Анын көпчүлүгү Орусияда, азырагы — Европа, АКШ, Түштүк Кореяда иштейт. Мигранттар жылына өлкөгө 2 миллиард доллар которуп турат.

