02:37
USD 87.00
EUR 90.43
RUB 0.88

Араб компаниясы Кыргызстанда күн нурунан энергия алган станция куруп берет

Энергетика министри күн нурунан электр энергиясын алган станция куруу үчүн Masdar компаниясы менен келишим түздү. Бул тууралуу минстрликтин басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, министри Таалайбек Ибраевдин Абу-Дабиге болгон жумушчу сапарынын алкагында Абу-Даби өкмөтүнө таандык инвестициялык Masdar компаниясы менен 200 МВТтык күндүн нурунан электр энергиясын алуучу станция куруу боюнча документке кол коюлду.

Таалайбек Ибраевдин айтымында, келишимдин негизги максаты элди электр энергиясы менен камсыз кылуу жана күндүн нурунан алынуучу электр энергиясын өнүктүрүү. Тактап айтканда жашыл энергетикага болгон кадамдар. Ал үчүн Кыргызстандагы күн жакшы тийген жер тилкесин чечип алуу зарыл.

Министр Кыргызстандагы күндөн, шамалдан энергетиканы өндүрүүнүн жолдору боюнча кылган презентациясынан улам, Masdar компаниясынын өкүлдөрү күнгө ылайыктуу Ысык-Көл жергесинен, Токтогул ГЭСнин тегерегинен жана Бакенден облусунан жер сураган.

Түзүлгөн келишимдин негизинде 4 ай Masdar компаниясы изилдөө иштерин жүргүзүшөт. Андан соң июнь айында станцияны куруу келишимине толук кандуу кирише баштайт. План боюнча станция 2025-жылы эксплуатацияга берилет.

Инвестор катары Masdar компаниясы 200 МВтка $180 миллион, андан ары $1 миллиардга чейин салым кошот.

Эң көп окулган жаңылыктар