Өлкөдө АКШ долларынын тартыштыгына логистикалык байланышынын бузулушу жана спекулянттардын аракеттери себеп болууда. Бул тууралуу Улуттук банк билдирди.
Башкы банктын маалыматында, айрым жергиликтүү коммерциялык банктар накталай АКШ долларынын зарыл көлөмү менен камсыз кылуу аракетин көрүүдө.
«Чет өлкө валютасы бар болсо валюта рыногунун катышуучулары чет өлкө валютасын чектөөсүз сатууга милдеттүү», — дейт Улуттук банк.
Маалыматта валютаны накталай эмес сатуу чектөөсүз жүргүзүлүп жаткандыгы белгиленет.

