Бишкекте жарандык активист Ербол Токтогуловду бүгүн УКМКнын кызматкерлери кармап кетишти. Бул тууралуу 24.кж маалымат агенттигине укук коргоочу Азиза Абдирасулова билдирди.
"Ербол Токтогуловду УКМКнын кызматкерлери кармап кеткенин гана уктук. Бирок, кайсы иш боюнча кармалганы белгисиз. Ал Кемпир-Абад суу сактагычынын берилише каршы болуп келген"— деди Азиза Абдирасулова.
УКМКнын басма сөз кызматы Ербол Токтогуловдун кармалышы боюнча маалымат бере элек.