13:39
USD 88.81
EUR 95.39
RUB 0.96

Электр жарыгы өчүрүлөбү? Депутат элге алдын ала эскертүүнү сунуштайт

Элге электр жаргын маал-маалы менен өчүрүү планы тууралуу алдын ала маалымат берүү зарыл. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин отун-энергетика комплекси боюнча комитетинин жыйынында депутат Исхак Масалиев билдирди.

Өлкөнүн аймактарында электр жарыгы 6-7 саатка өчүрүлөрүн депутат айтты.

«Энергетика министри бир саатка гана өчүрө алаарын айткан. Бирок иш жүзүндө, Аламүдүн районунда саат 7ге чейин электр жарыгы жок болот. Эгерде жарыкты маал-маалы менен өчүрүүнү пландаштырып жатсаңыздар, анда бул тууралуу алдын ала маалымат берүү керек. Кыш кандай болот деп күтүп жатасыздар? Токтогулда суунун көлөмү канча?» — деп суроо узатты Исхак Масалиев.

Энергетика министринин орун басары Сабырбек Султанбеков Токтогулда суунун көлөмү 2021-жылга салыштырмалуу 1,5 миллиард куб метрге көп экендигин жооп катары айтты.

«Биздин божомолдор боюнча орточо жылдык температура болот», — деди чиновник.

Эң көп окулган жаңылыктар