УКМК тарабынан мурда улутташтырылган мүлктү мыйзамсыз алып коюу жана легалдаштыруу фактысы боюнча кылмыш иши тергелүүдө, атап айтканда, Ысык-Көл районундагы «Аврора плюс» пансионатынын аймагындагы коттедждер жана батирлер. Бул тууралуу комитеттин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, 2010-жылдын 25-майында Убактылуу өкмөтүнүн № 43 Декрети менен 10 га жер тилкеси улутташтырылып, Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районундагы Булан-Сөгөттү айылында «Ысык-Көл-Аврора» санаторийинин аймагында жайгашкан, К.Бакиевдин үй-бүлө мүчөлөрүнө жана анын жакын чөйрөсүнө таандык 97 даана өлчөмүндөгү кыймылсыз мүлк объекттери мамлекеттин карамагына өткөн.
Бирок, кийин бул объектилер 3 инстанциядагы соттор тарабынан атайылап адилетсиз чечимдерди чыгаруу менен мамлекеттин менчигинен чыгарылган. Ошол эле учурда судьялар «Аврора плюс» ишканасынан кымбат баалуу коттедждерди жана батирлерди кызыкдар тараптардан пара түрүндө ири өлчөмдөгү акча каражаттарын алышканы аныкталган.
Ошондой эле, Убактылуу өкмөттүн айрым мүчөлөрү жана КР Жогорку Кеңешинин депутаттары «Аврора плюс» пансионатынын аймагындагы улутташтырылган мүлктү мамлекеттик менчиктен чыгарууга көмөк көрсөтүү үчүн коттедждер жана батирлер түрүндө пара катары алышкан.
Натыйжада суммасы алдын ала эсептөөлөр боюнча 500 миллион сомдон ашуун мамлекеттин кызыкчылыгына зыян келтирилген.
УКМК чогулткан материалдардын негизинде, Башкы прокуратурасы тарабынан Жогорку сотунун мурдагы төрагасы Д.Ф.З., Жогорку сотунун төрагасынын мурдагы орун басары С.Э.Э., Жогорку сотунун азыркы судьялары А.Н.М., О.К.Т. жана Бишкек шаарынын райондор аралык сотунун экс-төрагасы К.К.Ж. карата КР Кылмыш-жаза кодексинин 336-беренесинин 2-бөлүмү (Коррупция) менен кылмыш иши козголуп, тергөө иштери жүрүп жатат.
Мындан сырткары, УКМК тарабынан бул кылмыш иштерин иликтөөнүн алкагында Курманбек Бакиевдин үй-бүлөсүнүн мурда улутташтырылган мүлктөрүн мамлекетке кайтаруу чаралары көрүлүүдө.