16:19
USD 88.81
EUR 95.39
RUB 0.96

Ильхам Алиевдин Кыргызстанга болгон мамлекеттик сапары аяктады

Азербайжан президенти Ильхам Алиевдин Кыргызстанга 11-12-октябрда болгон мамлекеттик сапары аяктады.

Сапардын алкагында «Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясында Садыр Жапаров менен Ильхам Алиевдин расмий жолугушуу аземи болуп өттү.

Андан соң, Кыргызстан менен Азербайжандын лидерлери тар жана кеңейтилген курамда эки өлкөнүн Мамлекеттер аралык кеңешинин биринчи отурумунда эки тараптуу жана көп тараптуу кызматташтыктын актуалдуу маселелерин, ошондой эле аларды мындан ары өнүктүрүүнүн жана натыйжалуу өз ара аракеттенүүнүн келечегин талкуулашты.

Садыр Жапаров менен Ильхам Алиев сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгына канааттангандыгын билдиришип, анын жыйынтыгында эки тараптуу кызматташтыкты арттырууга багытталган бир катар документтерге, анын ичинде Мамлекеттер аралык кеңешинин биринчи отурумунун чечимине, ошондой эле Кыргызстандын министрлер кабинети менен Азербайжандын өкмөтү ортосундагы Кыргыз-Азербайжан өнүктүрүү фондун түзүү жөнүндө макулдашууга кол коюлду.

Ушул эле күнү мамлекет башчыларынын катышуусунда кыргыз-азербайжан достук паркынын ачылышы болду.

12-октябрда Садыр Жапаров менен Ильхам Алиевдин катышуусунда Бишкекте Азербайжан мамлекетинин негиздөөчүсү Гейдар Алиевдин ысымы ыйгарылган жалпы билим берүүчү мектеп ачылды.

Андан соң президенттер азербайжандык белгилүү акын Низами Гянджеви атындагы мектепте болушту.

Ильхам Алиевдин Кыргызстанга болгон мамлекеттик сапары Ала-Арча мамлекеттик жаратылыш паркында этномаданий программа менен аяктады.

Эң көп окулган жаңылыктар