02:36
USD 87.42
EUR 102.29
RUB 1.17

Кыргызстанга Өзбекстандын премьер-министри иш сапары менен келди

26-сентябрда Өзбекстандын премьер-министри Абдулла Арипов иш сапары менен Кыргызстанга келди.

Министрлер кабинетинен билдиришкендей, Ариповду «Манас» эл аралык аэропортунан кыргыз өкмөтүнүн төрагасы Акылбек Жапаров тосуп алды.

Өзбекстандын премьер-министри бул сапарынын алкагында кыргыз-өзбек чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо маселелери боюнча эки өлкөнүн өкмөттүк делегацияларынын биргелешкен жыйынына катышат.

Мындан тышкары Абдулла Арипов Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров менен да жолугушат.

Эң көп окулган жаңылыктар