Бүгүнкү күндө Кыргызстанда америкалык валютаны расмий түрдө сатып алуу дээрлик мүмкүн эмес. Банктар түрдүү чектөөлөрдү киргизүүдө: алсак, айрымдары бир кишиге 100 доллардан ашык сатуудан баш тартууда.
Акча алмаштыруу жайларында АКШ валютасы дээрлик жок болууда. Мындан улам өлкөдө көмүскө валюта базары пайда болду: долларлар атайын телеграм-каналдар аркылуу банктар менен акча алмаштыруу жайларындагыдан кыйла кымбатыраак баада сатылууда.
Расмий акча алмаштыруу жайларынын өкүлдөрү мындай телеграм-каналдарда «ири өлчөмдөгү акча айланып жатканын» билдирип, аларга каршы Улуттук банкка жана Ички иштер министрлигине арыз жазышканын билдирүүдө.
«Лицензиясыз акча алмаштыруу жайлар, акча алмаштырган адамдар курсту жогорулатып же ылдыйлаткан кээ бир Телеграм-каналдар пайда болду азыр. Лицензиясыз акча алмаштырып жаткан фактылар дагы жок эмес. Биз «ошондой телеграм каналдар, акча-каражатын мыйзамсыз айландыруу боюнча чара көрүңүздөр» деп кат менен Улуттук банк менен ИИМге кайрылганбыз. Мисалы, ошол эле Москва-Совет көчөлөрүнүн кесилишинде, же «Дордойдо» «бул жакта доллар жок экен, чектөө менен сатып жатыптыр, арзаныраак экен же кымбатыраак» деп бири-бири менен сүйлөшүп алып, доллар алып-сатуу соодаларын жүргүзүү фактылары бар болчу. Ошонун негизинде Улуттук банк менен ИИМ биргеликте 5-6 күндүк рейд өткөргөн. Тилекке каршы, аз эле факты чыкты. Бирок, жок эмес», — деди Кыргызстандын акча алмаштыруу жайларынын ассоциациясынын төрагасы Думан Рыскулов.
Улуттук банк да лицензиясы жок «көмүскө акча алмаштыруу» мыйзамсыз экенин билдирүүдө. «Акча алмаштыруу операцияларын жүргүзүп жаткан айрым адамдардын, анын ичинде телеграм-каналдардын ишмердүүлүгүн текшерүү тууралуу укук коргоо органдарына каттар жөнөтүлдү. Учурда бул маселе каралып жатат жана тиешелүү чечимдер кабыл алынат», — деп билдиришти мекемеден.