21:15
USD 88.21
EUR 95.66
RUB 0.97

Тажикстан менен Ооганстандын ортосундагы соода жүгүртүү көлөмү көбөйдү

Тажикстан менен Ооганстандын ортосундагы соода жүгүртүү көлөмү «Талибан» кыймылы бийликке келе элек мезгилдегиге салыштырмалуу көбөйдү.

Тажикстандын Бажы кызматынын маалыматына караганда, 2022-жылдын биринчи жарымында тышкы соода жүгүртүүнүн көлөмү негизинен Тажикстандан Ооганстанга экспорттолгон товарлардын эсебинен түзүлүп, 40 миллион долларга жетти. Бул Ооганстанда бийликке талибдер келе элек 2021-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 6 миллион долларга көп.

Эксперттер эки өлкө ортосундагы сооданын активдешүүсүн «Талибан» өкмөтүнүн жетишкендиги эмес деп эсептөөдө. Алардын айтымында, бул ооган калкынын суроо-талабы өсүп, ооган ишкерлери коңшу өлкөдөгү кесиптештери менен байланыштарын бекемдеди дегенди түшүндүрөт.

«Соода көлөмүнүн өскөнү тажик өкмөтү менен «Талибан» соода кылып жатат дегенди билдирбейт. Кеп компаниялар жөнүндө болуп жатат. Ооганстанда бийликте ким турганына карабастан, компаниялар ишин уланта беришет. А товарларды ооган эли колдонот. Демек, бул Тажикстан «Талибан» менен кызматташып жатат дегендик эмес», — деди Ооганстан маселеси боюнча талдоочу Ильхом Назриев.

Талибдер Ооганстанда бийликке келгенине дээрлик бир жыл болуп калганы менен дүйнөдөгү бир да өлкө алардын өкмөтүн тааный элек. Тажикстан коңшу өлкөдө бардык этникалык топтордун катышуусунда инклюзивдүү өкмөт түзүлүшү керек экенин билдирип келет.

Эң көп окулган жаңылыктар