21:15
USD 88.21
EUR 95.66
RUB 0.97

Өкмөт үйүнүн алдында митинг. «Дордой» соодагерлери бийликке талап койду

Милиция кызматкерлери «Дордой» соодагерлерине  өкмөт үйүнүн алдында митинг өткөрүүгө уруксат бербей коюшту.

Митингчилер имараттын чыгыш тарабындагы кире беришине келишип, министрлер кабинетинин өкүлдөрү алардын алдына чыгууну талап кылышты. «Бизге товарларды жеткизүү маселесин чечип беребиз деп убадалашты эле, биз аларга ишендик. Бирок эч кандай өзгөрүүлөр болгон жок», — дешет ишкерлер.

Митингчилердин алдына өкмөттүн өкүлдөрү чыгаарын күзөтчүлөр убадалады.

«Дордой» соодагерлеринин айтымында, кыргыз-кытай чек арасында калган товарын үч айдан бери ала албай жатышат, ал эми өкмөт алардын көйгөйлөрүнө көңүл кош мамиле жасоодо.

Эң көп окулган жаңылыктар