6 миң 60 банка энергетикалык ичимдиктерди ташып бара жаткан аткезчилер кармалды. Бул тууралуу УКМК билдирди.
Алардын маалыматында, жүк 8-майда Баткен районунун Жаңы-Жер айылынын аймагында, Сох анклавына жакын жерде кармалды. Жалпы баасы 1 миллион сомго бааланат.
Энергетикалык ичимдикти «Мерседес Бенц Спринтер» жана «Фольксваген Крафтер» үлгүсүндөгү автоуналардын айдоочулары Б.Н. жана С.М. ташып бара жатышкан.
Бул факты маалыматтарды каттоо журналына катталып, азыркы учурда тергөөгө чейинки текшерүү иштери жүрүп жатат.

