Украинадагы кырдаал чыңалган бойдон калууда, ал эми Кыргызстанда сөз эркиндигине болгон кол салуулар кундөн-күнгө күч алып жатат. Мына ушул темалар фейктердин көңүлүнүн чордонунда турат.
Эске салсак, Интерньюстун командасы жарым жылдан ашуун убакыттан бери социалдык тармактарындагы фейк аккаунттарын иликтеп, алардын атайын базасын түзүп, Facebook жетекчилигине ай сайын жөнөтүп турат.
Март-апрель айлары соцтармактарга мониторинг жүргүзгөн команда 300дөн ашуун фейк баракчаларын аныктап чыкты. Алардын жарымынан көбү, тактап айтканда 155 аккаунт Facebook тарабынан жабылды.
Белгилей кетсек, ай сайын фейктердин көңүлүнүн чордонунда ар түрдүү маалыматтар себеп болот. Акыркы эки айдын ичинде жалган аккаунттардын ээлери Украинадагы кырдаал жана Кыргызстандагы сөз эркиндигине байланыштуу ар түрдүү фейк (жалган) маалымат таратуусун күчөттү.
Мындай жалган аккаунттарды аныктап чыгуу оңой эле. Фейктер калтырган комментарийлер негизинен Орусиянын Украинадагы атайын аскердик операциясын жактап, мактап, Украина элин тебелеген сөздөр жазылат. Ошондой эле тейде журналист жана көз карандысыз жалпыга маалымат кызматына да багытталган комментарийлер жазылат. Көпчүлүк учурда фейктер далилсиз маалыматтарды таркатышат.
Айрым серепчилердин пикиринде фейктерди сөз эркиндиги жок өлкөлөрдө бийлик ооздуктай албайт, ошондуктан алар абдан эле көбөйуп кеткен, бүтүндөй бир фабрикадай болуп, топтолуп иштешет. Швейцария сыяктуу, цивилизациясы жогору, өнүккөн өлкөлөрдө фейктер жокко эсе.
Соцтармактарындагы жалган баракчаларды иликтеп, таап чыккан команда өз ишин улантууда. Кыргыз бийлиги фейктерге жана троллдорго каршы чара көрбөсө деле, коомдук пикирди бурмалаган фейк-фабрикаларга каршы күрөштө сиз өз салымыңызды кошо аласыз. Эгер сиз фейк маалыматка же шектүү аккаунт боюнча арыздансаңыз, анын андан ары жайылышын алдын аласыз. Бул иш-аракеттер өлкөнүн санариптик коопсуздугуна салым кошот.

