Мамлекет башчысынын бардык деңгээлдеги мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлерди кош жарандуулукка жана жасалма диплом колдонууга каршы текшерүү тапшырмасынын алкагында, президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратынын жетекчиси У.А.У. КР жана РФ кош жарандуулугу бар экендиги боюнча маалымат келип түшкөн. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин басма сөз кызматы билдирет.
Маалыматка ылайык, У.А.У. 2021-жылдын 11-январында Россия Федерациясынын жарандыгынан чыгууга уруксат берилгендиги тууралуу РФтин Ош шаарындагы Башкы консулдугунун маалымкатынын көчүрмөсүн берүүгө аргасыз болгон.
Белгилей кетсек, 2018-жылдын апрель айында У.А.У. президенттин ыйгарым укуктуу өкүлүнүн Коргоо жана укук тартиби башкармалыгынын кызматкери болуп турганда мамлекеттик сырды билүүгө уруксат берилген, ошол учурда У.А.У. өзүнүн жеке маалыматтарында Россия Федерациясынын жарандыгы бар экенин жашырган.
«Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сырларын коргоо жөнүндө» мыйзамынын 17 жана 18-беренелерине ылайык, мамлекеттик сырды билүүдөн баш тартуу жана токтотуу үчүн кош жарандуулуктун же башка жарандыктын болушу негиз болуп саналат, ушул жылдын 26-апрелинде УКМК тарабынан мамлекеттик сырды билүү мүмкүнчүлүгү У.А.У. чакыртып алынган, бул тууралуу кийин ээлеген кызматынан бошотуу үчүн Баткен облусунун ыйгарым укуктуу өкүлүнө билдирүү жөнөтүлгөн.
Ошону менен бирге, УКМК «Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө» КР мыйзамынын 15-беренесине ылайык башка мамлекеттин жарандыгы бар кызматчы мамлекеттик органдардагы жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарындагы кызматта боло албайт деп эскертет. Чет мамлекеттин жарандыгынын фактысын жашыруу анын андан аркы кызматын токтотуу үчүн негиз болуп саналат.