15:25
USD 89.51
EUR 96.93
RUB 0.97

Президенттин аппаратында иштеген аткаминер Казакстан жараны экени айтылууда

Президенттин аппаратында иштеген аткаминер Казакстан жараны экени айтылууда. Бул тууралуу Социал-демократтар фракциясынан депутат Дастан Бекешев билдирди.

Маалыматка ылайык, президенттин аппаратынын  каржы-экономикалык талдоо жана өнүгүү мониторинги бөлүмүнүн башчысы Казакстандын жараны. Депутат кечээ анын жарандыгын тастыктаган документ менен таанышканын айтты.

Учурда башка мамлекеттин жарандыгы боюнча «Ата Мекен» партиясынан депутаттыкка талапкер Клара Кабилова боюнча маалыматтар такталууда.

Эскерте кетсек, Дастан Бекешев учурда кош жарандуулугун жашырган аткаминерлерге карата кылмыш жоопкерчилигин киргизүү боюна мыйзам долбоорун сунуштоодо. Документ коомдук талкууда.

Эң көп окулган жаңылыктар