19:18
USD 88.57
EUR 95.33
RUB 0.97

Бахадыр Сулейманов казакстандын жараныбы? Жооп жок

Казакстандын адилет министрлиги Жогорку Кеңештин депутаты Бахадыр Сулеймановдун жарандыгы тууралуу маалымат берүүдөн баш тартты. Бул тууралуу 24.kg агенттигине БШКдан билдиришти.

Маалыматка караганда, Кыргызстандын ТИМи аркылуу БШК Бахадыр Сулеймановдо Казакстандын паспорту бар экендиги тууралуу суроо жөнөткөн.

«Казакстандын органдары жеке маалымат боюнча Бахадыр Сулеймановдун макулдугу менен гана маалымат бере алат. Бирок, ал мындай текшерүүдөн баш тартты. Мындан улам, ал казакстандын жараныбы же жокпу биле албайбыз», -деди БШКдан.

Буга чейин Бахадыр Сулеймановдун жарандуулугун текшерүүнү акыйкатчы БШКга талап кылып кайрылган. Депутат өзү Казакстандын жараны эмес экендигин айтууда.

Эң көп окулган жаңылыктар