07:37
USD 88.81
EUR 95.39
RUB 0.96

Кош жарандуулук. БШКнын кезектеги сессиясына Павел Десятников катышып жатат

Бишкек шаардык кеңешинин кезектеги сессиясына депутат Павел Десятников катышып жатат. Айрым маалыматтарга караганда, аны Орусиянын жараны деген кептер айтылууда. Бишкек аймактык шайлоо комиссиясы анын жеке маалыматын текшерүү боюнча депутаттын макулдугун күтүүдө.

Павел Десятников анын кош жарандуулугу боюнча суроого түшүндүрмө берүүдөн баш тартты. Эске салсак, «Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат тууралуу» Мыйзамдын 47-беренесине ылайык, БШКнын депутатынын укугу «Кыргыз Республикасынын жарандыгынан чыкканда, башка чет өлкөнүн жарандыгын кабыл алганда» чектелет.

Factcheck сайты аталган маалыматтын тактыгын иликтеп жатат.

«Бишкек шаардык кеңешинин депутаты Павел Десятников Орусиянын жараны экени такталды. Ал Орусиянын паспортун алып жүргөнү жана Орусиянын салык төлөөчүлөрүнүн маалымат базасында каттоодо турганы аныкталды. Мыйзам боюнча ал мандатынан ажыратылышы керек», -деп билдирди аталган сайт.

Эң көп окулган жаңылыктар