13:51
USD 88.68
EUR 95.00
RUB 0.95

Бишкекте 16-майдан тарта ысык суу өчүрүлөт

Борбор калаада ысык суу 2022-жылдын 16-майынан тарта 16-июнуна чейин өчүрүлөт. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, тиешелүү буйрукка мэр Эмилбек Абдыкадыров кол койду.

Өчүрүү жыл сайын профилактикалык тейлөө, жылуулук тармактарын жана жылуулук керектөө системаларын жылытуу мезгилине сапаттуу жана өз убагында даярдоо максатында жүргүзүлөт.

Эң көп окулган жаңылыктар