10:05
USD 88.68
EUR 95.00
RUB 0.95

Орто-Сай айылында беш күнгө ысык суу өчүрүлдү

Орто-Сай айылындагы жер астындагы газ түтүгүнөн чыккан газды жоюуга байланыштуу «Газпром Кыргызстан» ЖЧКсы жаратылыш газын берүүнү убактылуу токтотту. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, ушундан улам «Бишкекжылуулукэнерго» коммуналдык ишканасы 29-апрелге чейин аталган аймакка ысык суу берүүнү токтотууга, тактап айтканда, Орто-Сай отканасын өчүрүүгө аргасыз.

Жеринде «Газпром Кыргызстан» ЖЧКсынын оңдоочу бригадасы жана керектүү техникасы иштеп жатат. Иш бүтөөрү менен жылуулук энергиясын берүүнү кайра баштайбыз.

Эң көп окулган жаңылыктар