06:52
USD 87.43
EUR 102.96
RUB 1.12

Кыз-келиндер күрөшү үчүн спортзалдын курулушу башталды

Мамлекет башчы Садыр Жапаров бүгүн, 29-апрелде Бишкек шаарындагы кыз-келиндер күрөшү боюнча курама үчүн спортзалдын пайдубалына капсула салды. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы кабарлады.

Өлкө башчысы чогулгандар жана балбандар алдында сөз сүйлөп, кыз-келиндер үчүн оңойго турбаган спорттун бул түрүнөн ийгиликке жетишкен кыргыз кыздарынын ысымы эч качан унутулбай турганын айтты.

Президент 20 жыл ичинде кыргыздын балбан кыздары көптөгөн эл аралык мелдештерде Кыргызстандын намысын коргоп келишкенин белгиледи.

«Чынында эле, кыз-келиндер күрөшү боюнча курама командабыз барган ар бир мелдешинде биз үчүн чоң майрам тартуулашат. Алар спорт журтчулугу суктанарлык татыктуу күрөш көрсөтүп, кыл чайнашкан кармаштарда жеңиш чегине чейин жетип, кызыл желегибизди бийик желбиретип келишүүдө», — деди Жапаров.

Долбоорго ылайык, спортчулардын карамагында 1875,2 чарчы метр аянтта күрөш залдары, 16 орундуу ашкана жана башкалар бар. Долбоордун сметалык баасы 98,677 млн. сом, тендердик баасы 81,573 млн. сом. Учурда мекемеде спорт залдын имаратын куруу үчүн пайдубалдын чуңкуру 100% казылды.

Мамлекет башчысы «Жаштык» спорт комплексинин ишмердүүлүгү менен да таанышып, балдардын машыгуу шартын көрүп, комплексти капиталдык оңдоого бюджеттен 20 миллион сом бөлүү маселесин иштеп чыгууну тапшырды.

Эң көп окулган жаңылыктар