07:10
USD 88.21
EUR 95.66
RUB 0.97

Кыргызстанга келгендерден милдеттүү түрдө ПЧР-тестин талап кылуу жокко чыгарылды

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов коронавирустук инфекциянын жайылышына каршы күрөшүү жана анын кесепеттерин жоюу боюнча ыкчам штабдын кезектеги жыйынын өткөрдү.

28-апрелге карата республикадагы коронавирустук инфекция боюнча эпидемиологиялык абал жана республиканын калкын коронавирус инфекциясына каршы эмдөөнүн жүрүшү тууралуу баяндамалар угулду.

Мындан тышкары, жүргүзүлүп жаткан иш-чаралар боюнча маалымат угулуп жана талкууланган сон, ыкчам штаб Саламаттык сактоо министрлигине кызыкдар мамлекеттик органдар менен бирдикте 2022-жылдын 1-майынан тартып мамлекеттик чек арасындагы өткөрүү пункттары аркылуу транспорттун бардык түрү менен өткөн Кыргыз Республикасынын жарандары жана чет өлкөлүк жарандар үчүн коронавирустук инфекцияга каршы эмдөө сертификатын, же терс ПЧР тестин милдеттүү түрдө талап кылууну жокко чыгарууну тапшырды.

Ошондой эле президенттин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнө Саламаттыкты сактоо министрлиги менен биргеликте калктын аялуу катмарына басым жасоо менен эмдөөгө камтууну кеңейтүү жана анын темпин жогорулатуу аркылуу калкты коронавирус инфекциясына каршы эмдөө өнөктүгүн улантуу тапшырылды.

Эң көп окулган жаңылыктар
17-май, жума