16:39
USD 88.68
EUR 95.00
RUB 0.95

Садыр Жапаров менен Ильхам Алиев бетме-бет жолугушту

Садыр Жапаров бүгүн, 20-апрелде, Баку шаарына болгон расмий сапарынын алкагында Азербайжан президенти Ильхам Алиев менен бетме-бет сүйлөшүүлөрдү өткөрдү.

Мамлекет башчылары кыргыз-азербайжан эки жана көп тараптуу кызматташтыгынын учурдагы абалын жана келечегин талкуулашты.

Ильхам Алиев өз сөзүндө азербайжан тарап кызматташуунун бардык багыттары боюнча жигердүү кызматташууга умтуларын баса белгилеп, Садыр Жапаровдун сапары эки өлкөнүн ортосундагы мамилелерди мындан ары да бекемдөөгө кызмат кыларына ишенимин билдирди.

Азербайжандын президенти белгилегендей, бүгүн экономикалык кызматташуу, соода жүгүртүүнү жогорулатуу жана аймактык коопсуздук маселелери боюнча пикир алмашуу болуп, көптөгөн документтерге, анын ичинде башкысы — Стратегиялык өнөктөштүк жөнүндө декларацияга кол коюлуп, ал кыргыз-азербайжан мамилелерин сапаттык жаңы деңгээлге көтөрөт.

Өз кезегинде Садыр Жапаров Ильхам Алиевге Азербайжанга расмий сапар менен келүүгө чакыргандыгы жана меймандостугу үчүн ыраазычылык билдирди.

«Кыргыз-азербайжан мамилелеринин пайдубалын эл аралык даражадагы тарыхый инсан Гейдар Алиев түптөгөнүн баса белгилей кетүү маанилүү. Ошондон бери Кыргызстан менен Азербайжандын ортосунда биздин элдерибиздин ортосундагы терең тарыхый жана руханий байланыштарга негизделген абдан жакшы мамилелер түзүлдү», — деп белгиледи Садыр Жапаров.

Ал боордош Азербайжан менен эки тарапты кызыктырган бардык тармактарда кызматташууну тереңдетүүгө даяр экенин билдирди.

Бетме-бет жолугушуудан кийин Садыр Жапаров менен Ильхам Алиев сүйлөшүүлөрдү кеңейтилген курамда улантат.

Эң көп окулган жаңылыктар