03:14
USD 88.68
EUR 95.00
RUB 0.95

Интергельпо көчөсүнүн бир бөлүгү оңдоо иштерине жабылат

Унаа инфратүзүмүн өнүктүрүү департаментинин маалыматына ылайык, 17-апрелден тарта Интергельпо көчөсүнүн Кенсуй көчөсүнөн Дэн Сяопин проспектисине чейинки бөлүгү оңдоп-түзөө иштери үчүн жабылат. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, аталган көчө Кытай гранттык каражаттарынын эсебинен «Бишкек шаарынын жол тармагын өнүктүрүү» долбоорунун алкагында оңдолот.

Унаалардын өтүшү үчүн альтернативалык жолдор Пишпек жана Фучик көчөлөрү болот.

Эң көп окулган жаңылыктар