19:02
USD 86.45
EUR 92.47
RUB 1.00

Бишкектен Казань, Новосибирск жана Самарага темир жол каттамдары ачылат

Бул тууралуу «Кыргыз темир жолу» мамлекеттик ишканасынын жетекчиси Азамат Сакиев 12-апрелде Жогорку Кеңештин тармактык комитетинде билдирди. Ал ошондой эле, Орусия өзүнүн темир жолун оңдоп-түзөп жатканына байланыштуу Бишкек-Москва поезд каттамы 2023-жылга чейин жанданбайт деген жооп алышканын айтты.

Февраль айында Казакстан өзүнүн аймагы аркылуу поезд менен кыргызстандык жүргүнчүлөрдүн катташына уруксат берген. Бул маселе 15-16-февраль күндөрү Алматыда эки өлкөнүн соода-экономикалык кызматташуусу боюнча жумушчу топтун жыйынында кабыл алынган.

Кыргызстандан Орусияга жүргүнчү ташыган поезд каттамы 2020-жылы мартта коронавирус пандемиясынан улам жабылган. Ага чейин жумасына эки жолу Бишкек — Москва, сегиз күндө бир жолу Бишкек — Новосибирск жана аптасына бир ирээт Бишкек — Казань каттамы болгон.

Эң көп окулган жаңылыктар