08:02
USD 88.39
EUR 94.96
RUB 0.97

УКМК жасалма диплому менен иштеп жаткан 200го жакын аткаминерди аныктады

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) 183 мамлекеттик кызматкердин диплому жасалма экени аныкталганын айтты.

УКМК тараткан маалыматка ылайык, тизмеде Жогорку Кеңештин 3 депутаты, 1 министр, 2 судья, ички иштер органдарынын 15 кызматкери, билим берүү тармагында эмгектенген 40 кызматкер, Президенттин облустагы ыйгарым укуктуу 1 өкүлү, 2 мэр жана вице-мэрлер бар деп билдирди. Тизмеде ошондой эле өлкөдөгү ведомстволордо жана муниципалдык кызматтарда бир нече жыл иштеген адистердин да жасалма диплому бар экени жазылган.

УКМК жасалма документтерди даярдаганга катыштыгы бар окуу жайлардын кызматкерлерине чара көрүлөрүн айтты.

Текшерүү жүрүп жаткан мөөнөттө Мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер арасынан 40 адам өз каалоосу менен жумуштан кеткен. Дагы 2 адам жергиликтүү кеңештин депутаттык мандатын тапшырышканы айтылды.

Эң көп окулган жаңылыктар