00:37
USD 88.81
EUR 95.39
RUB 0.96

Жогорку Кеңештин радиосу карыздан улам иштебей турат

Парламенттин радиосу бир топ мекемелерге 203 миң сом карыз. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин транспорт, байланыш, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин жыйынында басма сөз кызматынын жетекчиси Эркинбек Каимов билдирди.

Анын айтымында, парламенттик радио 2021-жылдын 15-июнунда өз ишин токтоткон.

«Негизги себеп — карыз. Оптимизациянын алкагында үч кызматкер жумуштан бошотулду. Бирок каржы маселеси чечилип калса, радио өз ишин баштоого даяр», -дейт Эркинбек Каимов.

Комитет бул маалыматты текшерип, радионун ишин жандандыруу жолдорун издөөнү аппаратка тапшырды.

Эң көп окулган жаңылыктар