4-апрелде Кыргызстан канадалык Centerra Gold компаниясы менен өз ара дооматтарды жөнгө салуу боюнча келишимге кол коет. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров социалдык кызматкерлердин республикалык жыйынында билдирди.
Мамлекет башчынын айтымында, кол коюу кечки саат 18:30да түз эфирде көрсөтүлөт.
Садыр Жапаров Centerra Gold менен талаш Кыргызстандын пайдасына чечилгенин белгиледи.