Садыр Жапаров Балыкчы — Кочкор темир жолунун курулушунун башталышына расмий уруксат берди. Бул тууралуу президенттин басма сз кызматы билдирет.
Маалыматка ылайык, мамлекет башчысы өз сөзүндө Балыкчы — Кочкор жолунун курулушу жаңы темир жол түйүнүнүн пайдубалын түзүп, өлкөнүн келечеги үчүн зор мааниге ээ болорун белгиледи.
«Кыргыз темир жолу» УК" МИ учурда «Балыкчы-Кочкор-Кара-Кече» (186 км) темир жолунун курулуш долбоорун ишке ашыруу боюнча иштерди жүргүзүүдө. Долбоорду ишке ашыруунун биринчи этабы — узундугу 63 км түзгөн «Балыкчы-Кочкор» темир жолунун участогун куруу пландалууда", — деди ал.
Учурда темир жол чийининин 500 метри төшөлдү. Жылдын аягына чейин 5 чакырымга чейин темир жолду төшөө күтүлүүдө. Жолдун 5 км үстүнкү конструкциясын төшөө үчүн бардык керектүү материалдар бар.
2030-жылга темир жолду толук бүткөрүп, ишке киргизүү күтүлүүдө. Долбоор учурда кошумча инвестиция тартылбастан, өз каражаттардын эсебинен ишке ашырылууда.
Белгилей кетсек, бул долбоор биринчи кезекте күз-кыш мезгилинде Бишкек шаарынын калкын жана ТЭЦти көмүр менен камсыз кылуу үчүн Кара-Кече күрөң көмүр кенин иштетүүдө көмүрдү ташуу үчүн эң арзан жолду түзүүгө байланыштуу чоң социалдык-экономикалык мааниге ээ.