18:07
USD 88.81
EUR 95.39
RUB 0.96

COVID-19. Эртең «Спутник Лайт» вакцинасы менен эмдөө токтотулат

Эртеңден тарта «Спутник Лайт» вакцинасы менен эмдөө токтотулат. Бул тууралуу 24.kg агенттигине Республикалык иммунитетти алдын алуу борбору билдирди.

Маалыматка ылайык, вакцинаны колдонуу мөөнөтү аяктап калды. Аймактардан чогултулган маалыматтарды иликтеп чыккандан кийин канча дозасы пайдаланылбай калганы белгилүү болот.

«Учурда вакцинанын 2 миллиондон ашуун дозасы пайдаланылбай калды, анын 1,5 миллиону — Sinopharm, колдонуу мөөнөтү 2023-жылдын аягына чейин. Pfizer менен Moderna жетиштүү, алардын пайдалануу мөөнөтү 2022-жылдын июль айына чейин», — дешет борбордун кызматкерлери.

Расмий статистикага ылайык, коронавируска каршы биринчи эмдөөдөн 1 миллион 487,5 миң адам өттү. Вакцинанын толук курсун 1 миллион 236,2 миң адам алды.

Эң көп окулган жаңылыктар