15:54
USD 88.68
EUR 95.00
RUB 0.95

Айрым жаңы конуштарда 3-мартта муздак суу өчүрүлөт

«Бишкексууканал» өндүрүштүк-эксплуатациялык башкармалыгынын маалыматы боюнча, 3-марттан тарта «Ак-Жар», «Ак-Бата», «Келечек» конуштарында таза суу өчүрүлөт. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы билдирди.

Саат 9:00дөн 17:00гө чейин турак жайларга, мектептерге, бала бакчаларда, саламаттыкты сактоо мекемелерине жана башка социалдык объектилерге жана өнөр жайларга таза суу берүү токтотулат.

Бул «Ак-Жар», «Ак-Бата» суу алгычтарындагы жана шаардагы таза суу түтүктөрүндөгү оңдоо-профилактикалык иштерге байланыштуу.

Борбор калаанын мэриясы келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана шаардыктарды, мекемелерди ичүүчү суу камдап алууну суранат.

Эң көп окулган жаңылыктар