02:48
USD 88.84
EUR 95.29
RUB 0.96

Бишкектин айрым райондорунда муздак суу өчүрүлөт

28-октябрда Бишкектин бир катар райондорунда муздак суу өчүрүлөт. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы кабарлады.

ХБО суу бөлүштүргүчүндө оңдоо иштери жүрүп жаткандыктан 7-Апрель, Горький, Достоевский жана темир жол линиясында суу саат 9:00дөн 18:00гө чейин болбойт.

«Муздак суу аталган конуштардын турак үйлөрү, мектеп, бала бакча, саламаттык сактоо, өнөр жай объектилеринин баарында өчүрүлөт», — деп жазылат маалыматта.

Муниципалитет келтирген ыңгайсыздык үчүн шаардыктардан кечирим сурап, конуш тургундарын муздак суу камдап алууга чакырды.

Эң көп окулган жаңылыктар