15:03
USD 89.01
EUR 95.05
RUB 0.94

Бишкектин үч жаңы конушунда муздак суу өчүрүлөт

Жаз-жайкы мезгилдерге даярдыктын алкагында «Энесай» суу кампасын жана түтүктөрдү оңдоо иштерине байланыштуу бүгүн Бишкектин үч конушуна суу берүү үзгүлтүккө учурайт. Бул туурасында калаа мэриясынан билдиришти.

«Энесай», «Дордой-1», «Дордой-2» конуштарында 9:00дөн баштап 15:00гө чейин ичүүчү суу токтотулат.

Жаңы конуштардын тургундарына суу өчүрүлөрү туурасында муниципалдык аймактык башкармалык жана кварталдык комитеттердин жетекчилери аркылуу алдын ала эскертүү берилгени айтылат.

Эң көп окулган жаңылыктар