15:36
USD 88.68
EUR 95.00
RUB 0.95

Айрым жаңы конуштарда муздак суу өчүрүлөт

«Бишкексууканал» өндүрүштүк-эксплуатациялык башкармалыгынын маалыматы боюнча, 10-мартта саат 9:00дөн 20:00гө чейин «Энесай», «Дордой-1», «Дордой-2» конуштарында таза суу токтотулат. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы билдирди.

Турак жайларда, мектептерде, мектепке чейинки балдар мекемелеринде, саламаттыкты сактоо мекемелеринде жана башка социалдык-тиричилик объектилеринде жана өнөр жайда убактылуу суу болбойт.

«Энесай» суу алгычында жана шаардагы таза суу түтүктөрүндөгү оңдоо-профилактикалык иштерге байланыштуу суу токтотулат.

Бишкек шаарынын мэриясы келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана шаар тургундарын жана мекемелерди ичүүчү суу камдап алууну суранат.

Эң көп окулган жаңылыктар