18:55
USD 86.45
EUR 92.47
RUB 1.00

«Ак-Босого» конушунда муздак суу убактылуу өчүрүлөт

«Бишкексууканал» өндүрүштүк-эксплуатациялык башкармалыгынын маалыматына караганда, 1-мартта саат 9:00дөн 15:00гө чейин «Ак-Босого» жаңы конушунда таза суу токтотулат. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы билдирди.

Турак жайлар, мектептер, бала бакчалар, саламаттыкты сактоо мекемелери жана башка социалдык-тиричилик объектилери жана өнөр жай ишканалары суусуз калат.

Бул «Ак-Босого-1» жана «Ак-Босого-2» суу алгычтарындагы жана шаардагы таза суу түтүктөрүндөгү оңдоо-профилактикалык иштерге байланыштуу.

Борбор калаанын мэриясы келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана шаардыктарды, мекемелерди ичүүчү суу камдап алууну суранат.

Эң көп окулган жаңылыктар