13:12
USD 88.81
EUR 95.39
RUB 0.96

«Чыгышэлектрден» коррупциялык схема аныкталды

«Чыгышэлектр» ачык акционердик коомунун Нарын филиалынын жооптуу кызматкерлери 2016-жылдын 1-январынан 2020-жылдын 31-декабрына чейин электр энергиясына болгон 219 млн. 667 миң 300 сомдук карыздарды негизсиз эсептен чыгарышкандыгы аныкталды. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирди.

Аталган факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 336-беренеси («Корруция») менен кылмыш иши козголуп, Тянь-Шань райондук электр тармактарынын жетекчиси, «Чыгышэлектр» ишканасынын Нарын филиалынын мурдагы директорлору А.А.А., жана Ж.А.М., кармалышып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

Эң көп окулган жаңылыктар