04:12
USD 87.43
EUR 102.96
RUB 1.12

Гурбангулы Бердымухамедовдун уулу президенттик шайлоого катыша алат

Түркмөнстандын Борбордук шайлоо комиссиясы мөөнөтсүз президенттик шайлоо үчүн арыздарды кабыл алууну 14-февралдан баштап ачык деп жарыялады. Талапкерлерди көрсөтүү өлкөдө катталган үч партиянын атынан гана кабыл алынат.

Авторитардик деп саналган өлкөдө башкаруучу Түркмөнстандын демократиялык партиясы жана ага ыктаган Түркмөнстандын агрардык партиясы, Түркмөнстандын өндүрүшчүлөрү менен ишкерлеринин партиясы бар. Алардын бардыгы бийликти колдойт, оппозициялык партиялар жок.

Гурбангулы Бердымухамедов «бийликти жаштарга берүү» дегенин байкоочулар президенттик кызматты уулуна өткөрүп берүү ишараты катары кабылдашты. Былтыр сентябрда 40ка чыккан президенттин уулу Сердар Бердымухамедов эми Конституцияга ылайык президенттик шайлоого катыша алат.

Эң көп окулган жаңылыктар