Аламүдүн районунун Беш-Күнгөй айылындагы үй өрттөндү. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирет.
Маалыматка караганда, Таранчиев көчөсүндө аянты 25 чарчы метрлик турак үйдүн бир бөлмөсү күйгөн.
Өрттүн кесепетинен түтүнгө ууланып, 36 жаштагы Д.Е. атту эркек киши каза болгон.

