Алиярбек Абжалиевге иш анын уулунун мурдагы ишкер өнөктөшүнүн арызынын негизинде козголду. Бул тууралуу анын жактоочусу Жибек Ажибекова билдирди.
Анын айтымында, Абжалиев Алиярбектин уулу Токобеков Темирлан 2018-жылы Сухраб Жармухамедовдон курулуш тармагында капиталы теңме тең, биргелешкен бизнес баштоо сунушун кабыл алган.
Темирлан Токобеков инвестиция салуу менен негиздөөчү болуп калат, ал эми Жармухамедов Сухраб ишенимдүү мамиленин негизинде бизнести алып барат.
«Үч жыл ичинде бул биргелешкен иштин алкагында бир нече обьект курган соң, Токобеков Темирлан бул бизнестен чыгууну чечет. Ал эми Сухраб Жармухамедов ишкер өнөктөшү Токобековдун үлүшүн бөлүп-бөлүп (в рассрочку) сатып алуу ниетин билдирет. Натыйжада 2020-жылы тараптар тийиштүү келишим түзүп, нотариалдык жактан күбөлөндүрүшөт», — дейт жактоочу.
Бирок, бир жарым жыл өтсө да Сухраб Жармухамедов өз милдеттемелерин аткарбай, Токобеков Темирлан өз үлүшү үчүн акча каражатын ала албай келген. Бул маселе сүйлөшүү жолу менен чечилет деген ойдо Токобеков Жармухамедовдун мыйзамсыз аракеттери боюнча укук коргоо органдарына кайрылган эмес.
Белгилүү болгондой, Сухраб Жармухамедов укук коргоо органдарына Абжалиев Алиярбектин үстүнөн «алдамчылык» фактысы боюнча арыз жазган. Анын арызынын негизинде УКМК кылмыш ишин козгоп, Абжалиев 2 айга камакка алынды.
Баса белгилеп кетчү жагдай, Токобеков менен Жармухамедовдун ортосунда келип чыккан маселени жөнгө салуу мыйзам чегинде жүрүп жаткан. Жогоруда көрсөтүлгөндөй, биргелешкен бизнестеги үлүштү бөлүп сатуу боюнча алардын ортосунда келишим түзүлгөн. Жармухамедовдун дарегине эч кандай коркутуулар болгон эмес. А.Абжалиев Жармухамедовдон кандайдыр бир суммада акча каражатын алган эмес. Карыз болуп калган Жармухамедов жалган жалаа менен күнөө коюп, укук коргоо органдарына арыздануу аркылуу карызын төлөөдөн качып кутулам деген жолду тандап алгандыгы айкын болууда.
Биз бул маселени кароодо укук коргоо органдары бардык документтерди иликтеп, мыйзам алкагында акыйкат чечет деп ишенебиз.
Жибек Ажибекова