07:16
USD 88.81
EUR 95.39
RUB 0.96

Кыргызстан бир жылда тышкы карызын төлөөгө 15,2 миллиард сом жумшады

2021-жылдын жыйынтыгында мамлекеттик карызды төлөөгө 29,5 миллиард сом кеткен. Бул тууралуу Каржы министрлигинин коллегиясында министрдин орун басары Мелс Аттокуров билдирди.

Анын айтымында, анын ичинен тышкы карызга 15,2 миллиард сом, ички карызга 14,3 миллард сом кеткен.

Белгилей кетсек, Кыргызстандын жалпы карызы 4 миллиард 948 миллион доллар өлчөмүндө. Анын 4,2 миллиард доллары тышкы карыз.

Эң көп окулган жаңылыктар