05:44
USD 87.43
EUR 102.96
RUB 1.12

«Ата-Журт Кыргызстан» Шайырбек Ташиевдин мандаты боюнча төрагага кайрылды

«Ата-Журт Кыргызстан» фракцися парламенттин төрагасы Талант Мамытовдон депутат Шайырбек Ташиевдин мандатын тапшыруусу боюнча ар тараптуу иликтөө жүргүзүү сунушу менен кайрылды. Бул боюнча парламенттин маалымат кызматы кабарларды.

Маалыматка караганда, Шайырбек Ташиев өзү мүчө болуп турган «Ата-Журт Кыргызстан» фракциясына депутаттык мандатын тапшыруу маселесин кароо боюнча кайрылган. Фракция аны кечээ карап чыккан.

Жыйынтыгында төрагага кайрылуу жөнөтүлдү.

Анда Шайырбек Ташиевдин чечимине каршы болгон кайрылууларды, № 14 Жалал-Абад бир мандаттуу шайлоо округунан 21 миңден ашуун шайлоочулардын добушун алгандыгын эске алуу менен мандатын тапшыруу чечимине түрткү болгон жагдайларды терең иликтөө зарылдыгы айтылат.

Шайырбек Ташиев УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевдин иниси. Анын мандатын тапшырарын Камчыбек Ташиев 24-январда маалымат жыйында айткан.

Эң көп окулган жаңылыктар